Житомир шаарына урулган соккудан эки киши каза болуп, кеминде 24 киши жараат алды. Жарадар болгондордун төртөө балдар. Житомирдин полиция кызматы билдиргендей, жарылуулар 2-июлда кечки 6лар чамасында Березин айылына жакын жерде болгон.
Житомир шаардык кеңеши башында билдиргендей, жарылуу айланма жолдун жээгиндеги май куюучу жайда болгон. “Жарылуунун себептери аныкталып жатат. Бардык тиешелүү кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатышат. Сабырдуу болуңуздар. Маалымат берилип турат”, - деп жазылган Житомирдин мэриясынын маалыматында.
Кийин жарылуудан Березин айылдагы эки өндүрүштүк аймак толугу менен жок болгону маалым болду. Ошондой эле турак үйлөр жабыркап, үч электр линиясы үзүлүп, 735 турак үй жарыксыз калганын “Житомироблэнерго” ишканасы маалымдады.
Житмордеги кырдаал Украина президенти Владимир Зеленскийдин көзөмөлүндө экенин анын кеңсесинин башчысы Виктор Микита кабарлады.
Дээрлик күн сайын Орусиянын бомбалоосуна жана артиллериялык аткылоосуна туш болуп жаткан Украинанын тургундары АКШнын жардамы болбосо, өлкөнүн коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонушууда. Мунун алдында америкалык медиада Вашингтон Киевге куралдын айрым түрүн берүүнү токтоткону кабарланган. Маалыматтарга ылайык, Пентагон мындай кадамга өз запастары азайганына байланыштуу барды.
Буга чейин Батыш өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүү максатында Украинага багытталган айрым гуманитардык программаларын да кыскартары белгилүү болгон.
13 жаштагы Назар көчөдө балдар менен топ ойноп жүргөн маалда жакын жерде дүрмөт жарылып, бутунан жараат алган. Дарыгерлер өз убагында жардам көрсөтүп, бир нече операция жасап, бутун сактап калышкан.
Никопол айылынын тургуну Евгения Мостова уулунун дарылануусуна кеткен чыгымды чет өлкөдөн келген жардамдын, асыресе Эл аралык куткаруу комитетинин эсебинен жаап келишкенин айтып берген:
«Ооруканадан чыгарда бизге балдак, таянып басканга атайын жабдык, планшет беришкен. Бирок негизинен акчалай жардам болчу".
Евгения териси бир нече жеринен трансплантация болгон Назарга ооруну баскан дары-дармек жана атайын крем керек экенин айтат.
Бирок мындай колдоо президент Дональд Трамп январда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) программаларын токтотуу чечимин чыгаргандан кийин кыйла азайды.
Орусия басып кирген 2022-жылга чейин Украина USAIDден эң көп акча алган өлкөлөрдүн бири болчу. Башка донорлор да, мисалы Британия коргонуу тармагына көбүрөөк каражат жумшоо үчүн гуманитардык программаларын кыскартууда.
Евгения менен Назар жашаган Харьков облусу 2-июлга караган түнү кайрадан орус аскерлеринин чабуулуна кабылды. Губернатор Олег Синегубов бир киши каза тапканын, бир нечеси жараланганын билдирди. Харьков шаарында турак жай, жарандык инфраструктура, айыл чарба ишканасы зыян тартты.
Херсон облусундагы ооруканада орус артиллериясынын соккусунан беш бейтап жана үч медайым жараат алганын облус башчысы Александр Прокудин телеграм-каналына жазды.
Украин аба күчтөрүнүн командачылыгы түн ичинде орус армиясы 114 учкучсуз учак жана S-300 ракеталары менен аткылаганын маалымдады. Кабарга караганда, 79 дрон атып түшүрүлдү же жарактан чыкты.
Орусия далилдерге карабай тынч элди жана жарандык жайларды бутага алганын четке кагып келет.
Украинанын шаар-кыштактарын кезектеги аткылоо Пентагон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону тууралуу кабарлар тараган маалга туш келди.
CBS телеканалы Ак үйдүн өкүлүнүн билдирүүсүнө таянып, Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу чечими кабыл алды деп маалымдады.
Киевдин жашоочулары бир чети мындай чечимге таң калбаганын, экинчи жагынан тынчсызданып жатканын айтышат.
Настя Ищенко: "Мен чынын айтсам таң калган жокмун. Акыркы 3-4 айдагы окуяларды эске алганда, мен күткөндөй эле болду. Биз европалык өнөктөштөр менен кызматташтыкка көбүрөөк басым жасап калдык. Биздин жетекчилик Трамптын жана командасынын аракеттери туруктуу эмес экенин, өз ара ырксыздыгын көрүп түшүнсө керек деп ойлойм".
Оксана Курочкина: "Абадан коргонуу системабыз колдоосуз калса, мен Киевден көчүп кетем, мен үчүн коопсуздугум биринчи орунда турат. Азыр эле көчүп кетсемби деп ойлонуп турам".
Анна Шерстнева: "Менимче, АКШ ишеничтүү өнөктөш болбой калды. Ошентсе да согуш башталганда берген жардамы үчүн ыраазымын".
Курал-жарактын кайсы түрүн берүү токтотулары жөнүндө расмий айтылган эмес.
NBC News Пентагондогу жана Конгресстеги булактарына шилтеме кылып жазгандай, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Украинага багытталган ракета менен ок-дарылардын бир партиясын жөнөтпөөнү буйруду. Бул партияда Patriot абадан коргонуу системасынын ракеталары, снаряддар, Hellfire жана башка ракеталар болгон.
Бул курал-жарактарды берүү чечимин мурдагы президент Жо Байдендин администрациясы кабыл алган.
Американын курал-жарак запасы Украинага берилген аскердик жардамга гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга байланыштуу азайып кеткен.
Муну менен бирге Пентагондун саясат боюнча жогорку расмий өкүлү Элбриж Колби белгилегендей, мекеме Орусиянын Украинага каршы согушуна чекит коюу максатында Киевге көргөзүлгөн жардамды улантуунун башка варианттарын президентке сунуш кылууда.
Ал арада шейшембиде Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул Одессага барган кезинде жакынкы арада Украинаны абадан коргонуу жаатында эң керек курал-жабдыктар менен камсыздоо зарыл деп билдирди.
Орусиянын Украинадагы кеңири масштабдагы согушу башталганына 3,5 жылга чукулдап калды. Эл аралык оюнчулардын согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек. 1-июлда Франциянын лидери Эммануэл Макрон орус президенти Путин менен 2022-жылдын сентябрынан бери биринчи жолу телефондон сүйлөштү. Анда Макрон орус тарапты ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөгөнү белгилүү болду.
Украинанын Херсон шаарында Орусиянын соккусу ооруканага тийип, сегиз киши жараат алды.
Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдиргендей, түндө орус армиясы оорукананы артиллерия менен аткылаган.
Жараат алгандардын бешөө сыркоолор, үчөө медайым.
Оорукананын терезелери сынып, палаталар талкаланган.
Украинанын Днепропетровск облусунун бийлиги шейшембиде Камянск району орус армиясынын чабуулуна кабылганын билдирди. Өрт чыкканда адам өмүрү кыйылып, жарадарлар бар экенин облустун аскердик администрация башчысы Сергей Лысак Телеграм-каналына жазды. Ал дагы жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатканын кошумчалады.
Орус армиясы Днепрге ракета жана дрон менен такай чабуул коюп келатат. 24-июнда шаарга жасалган чабуулда ондогон киши набыт болуп, жүздөй тургун жараат алган. Шаар башчы Борис Филатов бул чабуулду Орусия согуш баштаган үч жыл ичиндегт эң катуу соккунун бири деп сыпаттаган.
Николаев облусунун аскердик администрация башчысы Виталий Ким 1-июлда эртең мененки соккуда бир киши набыт болуп, дагы бирөө жараат алганын билдирди.
75 жаштагы ардагер өз короосунда набыт болуп, анын 76дагы жубайы жарадар экенин Ким Телеграмга жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Днепропетровск Николаев облустарына жасалган чабуулдары тууралуу комментарий берген жок. Москва 2022-жылы согуш башталгандан тарта Украинанын жарандык жайларына сокку урулуп жатканын мойнуна албайт.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 1-июлдагы маалыматында абадан коргоо системасы Орусиянын 52 дронунун 47син атып түшүргөнү айтылат. Анын алдыңкү түнкү дрон чабуулуна Запорожье облусу кабылганы кабарланган.