Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Беларуста "экстремизмге" айыпталган 16 кишиге ырайым берилди


Беларуста 2020-жылкы президенттик шайлоодон кийинки массалык нааразылыкка катышканы үчүн абаккка кесилген саясий туткундардын сүрөттөрү илинген такта, Варшава, 2025-жыл.
Беларуста 2020-жылкы президенттик шайлоодон кийинки массалык нааразылыкка катышканы үчүн абаккка кесилген саясий туткундардын сүрөттөрү илинген такта, Варшава, 2025-жыл.

Беларустун лидери Александр Лукашенко ар кандай кылмыш кылганы үчүн кесилген 16 кишиге, анын ичинде "экстремизм" беренеси менен соттолгондорго ырайым бергенин анын басма сөз кызматына жакын "Пул первого" телеграм-каналы кабарлады.

Сегиз аял жана сегиз эркек эркиндикке чыгат. Алардын үчөөнүн жашы 50дөн өтсө, тогузунун жашы жете эле балдары бар, дагы экөө өнөкөт илдеттен жабыркаса, бирөөнүн майыптыгы бар. "Алар кылмыш кылганына өкүнүп, мыйзамды бузбайбыз деп милдетте алды" деп айтылат билдирүүдө.

2-июлда "Вясна" укук коргоо уюму Беларуста саясий жүйө менен камалган, анын ичинде бийликке каршы массалык жүрүштөргө катышканы үчүн жазага тартылган 1164 киши темир тор артында экенин билдирди.

Алардын айрымдары оор илдеттерге чалдыгып, кыйноого тете шартта кармалып, тышкы дүйнө менен байланышы үзүлгөн. Саясий туткундар эркиндикке чыккандан кийин башка көйгөйгө туш болушат. Аларды эч бир жер ишке албайт.

21-июнда беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын күйөөсү Сергей Тихановский абактан бошотулду. Анда жалпысынан саясий негизде соттолгон 14 адам эркиндикке чыкты. Алардын арасында “Азаттыктын” беларус кызматынын мурдагы журналисти Игорь Карней да бар. Мындай чечим АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлогдун Минскиге сапарынан соң ишке ашты.


Шерине

XS
SM
MD
LG