Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Президент Жапаров саммитке катышуу үчүн Азербайжанга барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапарынан кийин Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Азербайжандын Ханкенди шаарына барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, иш-чара 3-4-июлда өтөт.

“Саммиттин темасы – “Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы” деп аталат. Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Ооганстан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат”, - деди Абдумуталип.

Саммитте климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланат.

Иш сапардын жүрүшүндө Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тарап курган “Айкөл Манас” мектебинин расмий ачылышы болот.

Мындан бир күн мурда Жапаров иш сапары менен Москвада болуп, орус лидери Владимир Путин менен жолугушкан. Администрациядан билдиргендей, тараптар гуманитардык, экономикалык-социалдык жана башка тармактагы кызматташтыктар талкууланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG