Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

"Кимдир бирөө Орусиянын куйругун басып алса, Москва адам укуктарын эстей калат"


Бакуда ккармалган орусиялык жарандар. (Сүрөт видеодон алынды)
Бакуда ккармалган орусиялык жарандар. (Сүрөт видеодон алынды)

Орусия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу дагы күчөдү. Бакуда орусиялык сегиз киши маңзат аткезчилигине жана киберчабуулдарга айыпталып камалды. Соттон тартылган видеодо алардын уруп-сабалганын көрүүгө болот. Ага чейин "Спутник-Азербайжан" агенттигинини эки кызматкери кармалган эле.

Мунун артынан орус полициясы Екатеринбург шаарында азери диаспорасынын жетекчисин кыска убакытка кармап кеткен. Соңку тиреш Орусияда теги азербайжандык 50 чакты кишини кармоо учурунда ага-ини Сафаровдор каза тапкан соң тутанган. Бирок талдоочулар Баку менен Москванын ортосун "кара мышык" аралаганына далай болгонун, түпкү себепти геосаясаттан издөө керектигин белгилешет.

2-июлда Орусиянын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Бакудагы элчиликтин өкүлдөрү акыркы күндөрдө Азербайжанда кармалган орус жарандары менен жолуга албай жатканын билдирип, соңку окуяларга токтолду:

"Эки тараптуу алака катышка доо кетирүүнү каалагандар мындан аркы чагымчыл кадамдарга барбайт деп ишенебиз. Андай кадамдар буга чейин көп эле жасалды. Алар мамлекеттер аралык мамилелерге көлөкө түшүрөрүн белгилөө менен Азербайжан тарапты алака-катышты расмий документтерде каралган стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине кайтарууга чакырабыз".

30-июнда Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесинде жүргөн тинтүүдөн кийин директору Игорь Картавых жана кызматкери Евгений Белоусов кармалып, төрт айга камакка алынды.

Эртеси орусиялык 8 киши Иранга "маңзаттарын мыйзамсыз ташыган жана кибер кылмыштарды жасаган" деген айып менен кармалып, соттун чечими менен 4 айга камалды.

"Спутник-Азербайжан" агенттигинин кызматкерлрин кармоо учуру. Баку, 30-июнь 2025-жыл
"Спутник-Азербайжан" агенттигинин кызматкерлрин кармоо учуру. Баку, 30-июнь 2025-жыл

Захарова "Спутникте" иштегендердин кармалышына байланыштуу Азербайжандын элчисине нааразылык нотасы тапшырылганын, орусиялык журналисттерди куугунтуктоо келишкис экенин айтып, ошол эле маалда 1-июлда кармалган мекендештери тууралуу кеп кылган жок.

Бакуда кармалгандардын арасында «Роснефть» жана «Газпромнефть» компанияларынын мурдагы кызматкерлеринен тышкары IT-тармагында иштеген жөнөкөй адистер бар. Алардын ысымдары расмий аталган жок. Журналисттер орусиялыктардын жакындары, достору менен байланышып айрымдарын аныкташкан.

Тергөөчүлөр аларды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп атады. Азербайжандын мамлекеттик телеканалы орус жарандарын кармоо тартылган видеону көрсөттү. Анда алардын колуна кишен салынганын, ур-токмокко кабылганын, казкатар тизип алып бастырышканын көрүүгө болот

Көбү Орусиядан 2022-жылы аскердик мобилизация башталганда чыгып кетишкен. Алардын жакындары азери бийлиги таккан айыпты четке кагууда.

Ал окуядан кийин Азербайжандагы орусиялыктарга жардам берген "Ковчег" долбоору жана Орусиянын Бакудагы элчилиги күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери орус жарандарын текшерип жатканын билдиришти.

Маалыматка караганда, айрым жерлерде полиция түн ичинде үйлөрүнө же кеңселерине чейин барган. Элчиликтин маалыматында аларга кайрылган орус жарандары рейд учурунда күч колдонулганын айтып беришкени белгиленет.

Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөсү Андрей Клишас Азербайжанды “орусиялык жарандар үчүн кооптуу өлкө “ деп атады.

Ал арада Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги 2-июлда Орусиянын Бакудагы элчиси Михаил Евдокимов чакырылганын билдирди. Билдирүүдө элчиге “эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетирген, достукка жатпаган аракеттер жана кадамдар боюнча нааразылык нотасы берилгени" жазылган.

Мекеме орус тараптан “орусиялык укук коргоо органдары жол берген мыйзам бузууну терең жана ачык талдап, кылмышкерлерди жоопко тартышын” күтөрүн билдирген.

Екатеринбургдагы рейдде каза тапкан Сафаров бир туугандары
Екатеринбургдагы рейдде каза тапкан Сафаров бир туугандары

27-июнда Екатеринбург шаарында азери диаспорасынын 50дөй өкүлү 2000-жылдардын башында болгон кылмыш иштерине шектелип кармалган. Рейд маалында теги азери ага-ини каза тапкан.

60 жаштагы Гусейн жана 55 жаштагы Зияддин Сафаровдордун сөөктөрү Азербайжанга жеткирилип, экспертизадан өткөрүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин соттук-медициналык экспертиза мекемесинин жетекчиси Адалят Гасанов шейшембиде билдиргендей, алардын бүтүмү орусиялык адистердикинен айырмаланат. Маалыматка караганда, сөөктөргө жасалган экспертиза алар алган жарааттарынан кийинки оор шоктон улам өлүмгө учураганын көргөздү.

29-июнда Екатеринбург шаарынын райондук соту кармалгандардын арасынан жети кишини камакка алуу чечимин чыгарган.

"Спутниктин" кызматкерлери кармалгандан кийин орус полициясы азери диаспорасынын Екатеринбургдагы жетекчиси Шахин Шихлинскини кармап, көп узабай кое берген.

Айрым эксперттер эки өлкө ортосундагы араздашуу азырынча ачык жаңжалга жете электигин, мамилелердеги кризиске күбө болуп атканбызды, башкалары Бакунун демонстративдүү реакциясы Орусиядан оолак болууну каалаганын ишарат кыларын белгилешет.

Азербайжан парламентинин депутаты Расим Мусабеков былтыр декабрда атып түшүрүлгөн учак үчүн Москва кечирим сурабаганын, ал ишти жакшылап териштирбегенин, компенсация төлөбөгөнүн эске салат:

Расим Мусабеков
Расим Мусабеков

"Орусиянын Балтика өлкөлөрү жана Финляндия өңдүү көптөгөн кошуналары, башка европалык мамлекеттер Москва менен алака-катышты дээрлик токтотуп салганын көрүп келатабыз. Орусия азыркыдай жүрүм-турумун уланта берсе, анда Азербайжан-Орусия байланыштарынын деңгээли да күндөн күнгө, жылдан жылга төмөндөй берет. Орусия каалаган тарапка империялык текебердик менен, бой көтөрүп мамиле кыла берет деп ойлойт. Бирок кимдир бирөө анын куйругун басып алса, гуманизмди эстей калат. Адам укуктарын, аларды бузуу ортодогу мамилелерге кандай залакасын тийгизип жатканын айта баштайт".

Эки өлкөнүн алакасы былтыр 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай деңиздин аркы жээгиндеги, Казакстандагы Актауга баратып, шаардын жанында кулагандан кийин солгундаган. 38 киши каза тапкан кырсыктан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.

Орус бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Шерине

XS
SM
MD
LG