Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Москвадан түңүлгөн Тегеранга Бээжин кол сунабы?


Орусия, Кытай жана Иранадын расмий өкүлдөрү. Бээжин, 14-март 2025-жыл
Орусия, Кытай жана Иранадын расмий өкүлдөрү. Бээжин, 14-март 2025-жыл

Израил менен июнда болгон согушта Иран жогорку аскердик жетекчилигинен айрылды, абадан коргонуу системасынын, жалпы эле куралдуу күчтөрүнүн талуу жерлерин ачыкка чыгарды. Бир нече күндө Израил Ирандын асманын көзөмөлгө алып, АКШнын Ислам жумуриятынын өзөктүк жайларына каршы операциясына жол ачкан.

Уруш ошондой эле Тегеран менен Москванын өнөктөштүгүн сыноодон өткөрдү. 12 күндүк согушта Орусия Иранга дипломатиялык колдоо эле билдирип чектелген. Москвага ишеним төмөндөгөн чакта Ислам жумурияты эми коргонуу тармагын калыбына тез келтирип, Кытайдан орус тарап бере албаган алдыңкы аскердик техника алууга аракеттенүүдө. Бирок Бээжинге бурулган Тегеран тоскоолдуктарга жана скептикалык маанайга туш болгону Ирандын мүмкүнчүлүктөрү канчалык чектелгени жана анын стратегиялык изоляциясы канчалык терең экени көрүнүп калды.

Орусия менен кагаз жүзүндөгү өнөктөштүк

Стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюлганы жана узак жылдардан бери келаткан кызматташтыкка карабай Орусия жакында болгон кризис маалында Иранга сөз жүзүндө гана колдоосун билдирди.

Реформачылардын Shargh гезити белгилегендей, “ошол альянс бекем милдеттенмелерге эмес, өзгөрүп турган кызыкчылыктарга негизделет”.

Орус президенти Владимир Путин АКШнын соккуларын “жүйөсүз” деп айыптап, диалогго чакырганы менен аскердик жардам жаатында милдеттенмелерди алган жок.

Кремл өнөктөштүк тууралуу келишимде согуш маалында аскердик жардам берилери каралбаганын кайталап келди.

Орус президенти Владимир Путин жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи. Москва, 23-июнь, 2025-жыл.
Орус президенти Владимир Путин жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи. Москва, 23-июнь, 2025-жыл.

Иран парламентинин төрагасынын мурдагы орун басары Али Мотахари Х социалдык тармагындагы постунда иренжигенин жазган.

Ал Орусия Иранга ракеталарга каршы С-400 системасын сатуудан баш тартканын, Тегеран Украинада согушуп жаткан Москваны пилотсуз учактар менен камсыздап келатканын, сөз болгон системаны орус бийлиги Түркия жана Сауд Арабияга бергенин белгиледи.

Экс-депутат Орусиянын мындай жүрүм-турумун Ислам жумурияты С-400 комплекстерин Израилдин агрессиясына каршы колдонушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрөт. "Мындай мамиле “Путин рекламалаган” стратегиялык өнөктөштүк канчалык үстүрт экенин көргөзөт", - деген оюн жазды Мотахари. Тегерандын Су-35 кыргын салуучу учактарын, Ми-28 сокку уруучу тик учактарын жана башка техниканы алуу аракети да туңгуюкка такалган.

Shargh басылмасынын жазганына караганда, “бир нече машыгуучу учактан тышкары убада кылынган бир да жабдуу берилген эмес”. Негизги себеп катары Орусиянын өндүрүшүндөгү көйгөйлөр жана Перс булуңундагы мамлекеттердин, Израилдин жана АКШнын дипломатиялык кысымы аталууда.

Орусиянын милдеттенмелерди аткарбай койгону сыягы ирандык аткаминерлер менен аналитиктер арасында Москвага канчалык ишеним артса болот деген күмөн саноону жараткан.

Кытайдын Иранды курал менен камсыздоого ашынбаганы

Ирандык жана Батыш маалымат каражаттары жазгандай, Тегеран аскердик заманбап техниканы, анын ичинде Chengdu J-10C кыргын салуучу учактарын алуу үчүн Бээжинге кайрылды. Бул маалымат расмий ырасталган эмес.

J-10C учагы
J-10C учагы

Ирандын аба күчтөрү эскирип кеткен жана кубаттуу каршылаштарга туруштук берүү үчүн анча жабдылган эмес. Негизинен АКШнын жана 1979-жылкы ислам ыңкылабына чейин сатып алган советтик эски учактардан турат.

Эксетерс университетинин кызматкери Андреа Гизеллинин пикиринде, Кытайдын Иранды курал-жарак менен камсыздоого анча дилгир эместиги даана байкалууда:

"Бээжин өзүнүн технологиялык жана экономикалык дараметин жогорулатуу үчүн Вашингтон менен алакасын стабилдештирүүгө аракеттенүдө. Бул максат Ирандын аба күчтөрүн калыбына келтирүүгө караганда алда канча маанилүү", - деп айтты ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.

Башка эксперттер Кытайдын Тегерандын чөлкөмдөгү атаандаштары менен мамилеси ирандык армияны күчтөндүрүүгө умтулбаган шарттарын белгилешет.

"Кытай Жакынкы Чыгышта экономикалык жана геоэкономикалык оюнчу катары аракеттенет2, - деп эсептейт Германиядагы коопсуздук жана эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Хамидреза Азизи.

Анын пикиринде, Бээжин Ислам жумуриятынын Катар, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтери өңдүү сунни кошуналары мамилелерин солгундаткысы келбейт. Араб өлкөлөрү мунай менен камсыздаган маанилүү соода өнөктөштөрү. Алар Тегеран менен этият саясат жүргүзүшөт.

Аналитиктер жалпысынан Кытай Иранды анын мунайын сатып алуу менен колдоосо болот деген пикирге кошулат. Санкциялар салынган шартта Тегеран жанар майдан калың киреше табат.

Гизелли Бээжинге мунай алуу жана регионалдык бейстабилдүүлүктүн алдын алуу Иранга курал сатуудан түшкөн кирешеге караганда маанилүү деген пикири менен бөлүштү.

Ирандын стратегиялык изоляциясы

Акыркы жумалардагы окуялар Ирандын канчалык обочодо калганын ачыкка чыгарды.

Москва да, Бээжин да өз кызыкчылыктарын жана Ирандын душмандары менен мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк милдеттенмелеринен жогору койгон.

Shargh басылмасы Орусиянын саясий билдирүүлөрдүн алкагынан чыгууну каалабаганы анын ишенимдүү өнөктөш деген аброюна көлөкө түшүргөн маалда Кытай Иранга аскердик жардам берет деген ыктымалдык өтө төмөн деген жыйынтыкка келет.

Женева институтунун улук илимий кызматкери Фарзан Сабет чет өлкөлүк аскердик өнөктөштөргө келгенде, Тегерандын “жакшы варианттары аз” деген оюн ортого салды.

Анын айтымында, санкциялар салынган Иран кытайлык кыргын салуучу учактарды алган күнү да башка курал-жарак үчүн төлөгөнгө каражат кайдан алынары белгисиз.

Макаланын авторлору: Kian Sharifi жана Abubakar Siddique

Шерине

XS
SM
MD
LG