Аба ырайы: күн 41 градуска чейин ысыйт

Ысык-Көл.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 3-5-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 35…40°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41° чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин жогорулайт.

Мындай кургак ысык аба ырайы учурунда организмди ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу сунушталат.

Аба ырайы

2-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 30…35;

Баткен облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32…37;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19...24, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 33…35 градус болот.

Дагы караңыз

Каржы рыногун жөнгө салуу кызматы унаа камсыздандырбагандарга айып салынарын эскерттиЖурналист Канат Каниметов "Апрелдин" иши боюнча УКМКга суракка чакырылдыМашинени камсыздандыруу: Айдоочуларга 1-сентябрга чейин “өткөөл мөөнөт” берилдиУКМК Кара-Балтанын мэринин кармалышы боюнча маалымат берди