"Киевден көчүп кетем". Украиндердин коопсуздугун ким коргойт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Америкалык маалымат каражаттарында АКШ Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону тууралуу кабарлар тарап жатат. Ага ылайык, Пентагон мындай кадамга өз запастары азайганына байланыштуу барды. Украинанын тургундары Американын жардамы болбосо, өлкөнүн абадан коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонууда. Буга чейин Батыш өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүү максатында Киевге багытталган айрым гуманитардык программаларын да кыскартары белгилүү болгон.