Орусия Украинага 550дөн ашуун ракета жана дрон менен чабуул койду

Абадан жасалган чабуулдун кесепети. Киев. 4-июль, 2025-жыл.

4-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага жапырт чабуул коюп, жалпы 550дөн ашуун ракета жана дрон менен аткылашты. 539 учкучсуз учактын 330у Shahed дрондору, бирөө Х-47М2 "Кинжал" аэробаллистикалык ракета, алты баллистикалык "Искандер-М/KN-23" жана "Искандер-К" канаттуу ракетасы.

Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу командачылыгы билдирди.

"Негизги бутага Киев алынды. Эл жыш жашаган сегиз аймакка тогуз ракета жана 63 дрон жана 33 жерге дрон сыныгы түшкөн", - деп жазылган маалыматта.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Киевде кеминде 19 адам жараат алды. Турак жайлар талкаланды.

Баштапкы маалыматтар боюнча украин куралдуу күчтөрү Орусиянын 478 ракета жана дрондорун жок кылган. Анын ичинде 268 Shahed дрону жана эки канаттуу "Искандер-К" ракетасы бар.

Орус армиясы "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен Украинага бейшембиге караган түнү чабуул койгон. Маалыматка караганда 52 учкучсуз аппараттын 22и атып түшүрүлсө, 18 ар кайсы жерде жок кылынган.

Орусиянын Коргоо министрлиги адатта жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объекттерди бутага аларын билдирет.

Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

Дагы караңыз

Ысык-Көлгө чөгүп бараткан кыздарды сактап калган милиционер сыйланды"Жазуучулар атак-даңкты сүйөт жана эгоист болушат"Орусия Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүн тааныды Оштогу Ленин көчөсүнө Алымбек датканын аты берилдиБакыт Төрөбаев Кызыл-Омполдо титаномагнетит казуу пилоттук шартта башталганын айтты