Ак-Талаа районунун акими кызматынан бошотулду

Ак-Талаа районундагы айылдардын бири

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 4-июль күнү президенттин маалыматтык саясат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аким өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Жумадилла Жапаров бул кызматка 2021-жылы, май айында дайындалган.

Быйыл жазында Министрлер кабинетинин коллегиялык жыйынында айрым министрликтердин, жергиликтүү бийликтердин иши сынга алынган. Министрлер кабинетинин сунушу менен бир нече министрдин орун басарлары кызматтан алынып, айрымдарына сөгүш берилген. (ZKo)

Дагы караңыз

Ысык-Көлгө чөгүп бараткан кыздарды сактап калган милиционер сыйландыПрокуратура "ЭлКат" ишканасы мамлекетке кайтарылганын билдирдиТоолуу Карабакта Кыргызстан курган "Айкөл Манас" мектеби ачылдыОрусия Украинага 550дөн ашуун ракета жана дрон менен чабуул койду "Жазуучулар атак-даңкты сүйөт жана эгоист болушат"