Кыздарды сабап, бассейнге түртүп ийген. "Шератондогу" окуя зомбулук маселесин козгоду

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Sheraton мейманканасы.

Бишкектеги "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салганы тартылган тасма коомдо кызуу талкуу жаратты. Коомдогу зомбулук маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

Окуя соцтармактарга тараган видеодон кийин белгилүү болду. Ал тасмада башкалаадагы "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге күч менен түртүп ийгенин көрүүгө болот.

Окуядагы жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова сегиз киши кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкан адамды кошо сабап салганын, бул учурда мейманкананын коопсуздук кызматкерлери аралашпай, четте турушканын жазган.

"Рустам бизди сабап жатканда коопсуздук кызматкерлери аралашкан жок. Алар тескерисинче бизди мейманканадан кубалап чыгууга аракет кылышты", - деди ал.

Кийинчерээк бул окуяга шектелип бийчи Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов кармалды. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун, шектүүлөр 48 саатка камалганын билдирди.

Жабырлануучулардын адвокаты Шердор Абдыкапаров ага чейин кыргыз-казак чек арасында Казакстанга чыгып бараткан жеринен кармалганын кабарлаган.

Жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова бийчи Воинов ал жерде бычак кармап жүргөнүн, кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкандарды шериктери менен чогуу сабап салганын жазып, коомчулуктан жардам сураган.

Шектүү тарап жана алардын адвокаттары азырынча комментарий берише элек.

Жан Воиновдун апасы, алып баруучу Ассоль Молдокматова да уулу катышкан окуя боюнча төмөнкүдөй пикир калтырды:

"Мен акыйкат бүтүм чыгарына ишенем. Булар менин балдарым, аларды мен аябай жакшы көрөм. Зарина мага кызымдай, ал менин неберелеримдин апасы. Ар ким кылган ишине өзү жоопкер, мен дайыма адилеттик тараптамын", - деп жазды.

Соцтармактарда Sheraton Bishkek мейманканасын аялдар, кыздар жана аярлуу адамдардын коопсуздугу корголбогон жер катары белгилеп, ага бойкот жарыялоого чакырыктар жарыяланып жатат.

Окуя болгон Sheraton Bishkek мейманканасы 4-июлда маалымат берип, коопсуздук кызматкерлери жаңжалда аралашпай четте карап турду деген билдирүүнү төгүндөдү.

"Биз болгон окуяга терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Sheraton Bishkek мейманканасы түрдүү зомбулукту - өзгөчө аялдарга карата зомбулукту кескин айыптайт, биздин бардык конокторубуз жана кызматкерлерибиз үчүн коопсуз жана бейпилдик атмосферасын камсыз кылууну өзүнүн негизги милдети деп эсептейт", - деп билдирди мейманкана.

"Биз болгон окуяга терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Sheraton Bishkek мейманканасы түрдүү зомбулукту - өзгөчө аялдарга карата зомбулукту кескин айыптайт, биздин бардык конокторубуз жана кызматкерлерибиз үчүн коопсуз жана бейпилдик атмосферасын камсыз кылууну өзүнүн негизги милдети деп эсептейт", - деп билдирди мейманкана.

Түшүндүрмөдө мейманкананын видеокөзөмөл камераларынан окуяга байланыштуу бардык кадрлар толугу менен милицияга берилгени, окуя болгон учурда токтоосуз 102ге кабар берилип, чакырылганы кошумчаланган. Мейманкананын администрациясы тергөө менен кызматташып жатканын маалымдап, айыптуулар жазаланат деген үмүтүн билдирген.

Бул көрүнүш коомдогу зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыкты.