"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
18-мартта Жогорку сот ырчы, активист Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызын кароо уланып, соттук коллегия Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жетиген Чүйдөгү №27 абакта үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт. Акындын адвокаттары, жакындары чечимди "туура эмес" деп баалашты.
12-мартта тажик президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо келишимине кол коюлду. Ага удаа эле үч жылдан бери жабык турган Баткендеги "Кызыл-Бел", Лейлектеги "Кайрагач" өткөрмө бекети дагы ачылды.
Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Бир катар эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча бийликтин аракетин колдоо керектигин айтышты.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйшөмбүгө иш сапары менен барып, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн соода алакасын жакшыртуу планы айтылды, президенттердин жолугушуусуна даярдык боюнча да сөз болгону кабарланды.
Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө тараптар бир катар жер тилкелерин алмашканы белгилүү болду. Айрым эксперттер узак жылдар талаш-талкуунун чордону болуп келген чек араны мындай алмашуулар аркылуу чечпесе, чекит коюлушу кыйын экенин айтып жатышат. Ал тапта жергиликтүү элдин өзү кандай пикирде?
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Ага ылайык, өлкө боюнча 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланышы, алардын бирөө аял талапкер болушу керек.
Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европарламенттин адам укуктары боюнча комитетинин депутаттарын кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укуктары жана "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана башка мүчөлөрүнүн камалышы тууралуу сөз болгону кабарланды.
Президент Садыр Жапаров Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин делегациясын кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укуктарын коргоо, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана башка мүчөлөрүнүн камалышы боюнча сөз болгону маалымдалды.
Дүйшеев аталган чыгармада өзүнүн басып өткөн жолун баяндаган. Бирок адабиятчылар ар бир кыргыз “Агындылардан” өзүн табарын айтышат.
Нарын облусундагы Соң-Көлдө кышкысын бир метрден ашык муз тоңуп, ага барчу ашуулар жабылат. Бирок соңку жылдары кышкы Соң-Көлдү көргүсү келген туристтердин саны көбөйүп, алар ат менен эки-үч күн жол жүрүүгө даяр. “Азаттык” алар менен чогуу Соң-Көлгө чейин барып келди.
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону кабарланган окуучунун өлүмүн шаардык милиция териштире баштады. Ал арада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташ чыгып, 9-класттын окуучусу ооруканада көз жумду. Окуя катталган эки мектепте тең жетекчилери кызматтан алынганы белгилүү болду.
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмүн шаардык милиция тергей баштады. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу боюнча Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Кошуна жайгашкан Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлорго аралашып, эки өлкөнүн ортосундагы соода алака 22 миллиард доллардан ашканы айтылып жатат.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотууну талап кылды.
Президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбооруна кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң, медиа болсо 65 миң сом айыпка жыгылат.
Президент Садыр Жапаров интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң сом, ал эми медиа 65 миң сом айыпка жыгылат.
Бишкектеги цирктин жамаатынын бир бөлүгү Светлана Ашированын кайрадан директор болуп дайындалышына каршы болууда. Маданият министрлиги Ашированы өткөн жумада жумуштан алып, беш күн өтпөй бул чечимин жокко чыгарды. Аширова өзүнүн айланасындагы окуяларды "каралоо" деп баалайт.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине төрт жыл болду. Кыргыз бийлиги бул маалда өлкөнүн экономика өсүп, ири долбоорлор ишке ашып жатканын белгилейт. Ошол эле учурда сөз эркиндиги, жарандык эркиндик чектелгенин айтып, коңгуро каккандар бар.
Дагы жүктөңүз