"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ага жек-жаат, туугандарга байланган партиялар катышууда.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Талапкерлердин тизмесинде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын уул-кыздары, бир туугандары да бар. “Азаттык” депутаттаттык мандатты көздөгөн ата-бала, ага-ини, энеси менен кызы - саясаттагы туугандар жөнүндө айтып берет.
Бишкектин Ленин райондук соту “Темиров лайв” медиасынын эки журналистин беш жана алты жылга кесип, дагы эки иликтөөчүгө үч жылдан пробациялык жаза берди. Ал эми калган жети журналист акталды. Алар “массалык башаламандык” беренеси боюнча айыпталып, быйыл башында кармалган эле.
Сооронбай Жээнбековдун бийлигин алмаштырган Октябрь окуяларына төрт жыл болду. 2020-жылы 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл Ак үйгө кирип барган.
Президент Өзгөн айланма жолун атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев салып жатканын ырастады. 14 чакырымдык жол ишке кирсе, жеңил машинеден 200 сом, жүк ташуучу автоунаадан 700 сом алынат.
Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп берип, Өзгөн шаарын айланып өтө турган жолду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевге таандык компания куруп жатканын, бул үчүн ага рахмат айтыш керектигин билдирди. Айланма жол 14 чакырымга созулат.
Бишкектин чок ортосундагы Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводду көпчүлүк жакшы билсе керек. Убагында бул ишкананын пресс-подборщиктери союздук республикаларда эле эмес, Европа өлкөлөрүнө чейин сатылып турган.
25-сентябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин "экс-президент" макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз четке какты. Акаев Жогорку Кеңешке кайрылып, ага "экс-президент" макамын калыбына келтирип берүүнү суранган.
УКМК Бишкектеги Фрунзе заводунун имараттары, 71,2 гектар жери убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин билдирип, мэрия аркылуу мамлекетке кайтарууга аракет кылып жатат. Бирок ал жерде жайгашкан ондогон компания, ишкананын ээлери тынчызданып, ишкерлик үзгүлтүккө учурай турганын айтып жатышат.
Юстиция министрлигинин "Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" үч уюм катталды. Алардын катарында ЖИА-бизнес ассоциациясы да бар.
Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) "Чет элдик өкүлдөр" реестрине киргизилгени маалым болду. Буга чейин бул тизмеге кирген айрым бейөкмөт уюмдар жана долбоорлор ишин токтотуп жатканы айтылган.
Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов дин чөйрөсүн жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даабатка каршы” деп атоо туура эместигин белгилеп, коомчулукту бул теманын айланасында бурмаланган маалымат таратуудан алыс болууга чакырды.
Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Кыргыз бийлиги 2006-жылы бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизген. Буга чейин Орусия менен Казакстан "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.
Мурдагы президент Аскар Акаев "экс-президент" макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Ал 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган.
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени белгилүү болду. Бул маселе келерки аптада тиешелүү комитетте каралып, андан соң депутаттык комиссия да түзүлүшү мүмкүн.
Кыргызстанда Эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленип жатат. «Азаттык» Эгемен Кыргызстандын каармандары - дарыгер Сыргак Турдалиев, акын Саид Султан жана активист Мубина Орумбаева менен баарлашып келди.
Орус парламентине мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды. Ага чейин ушундай эле өңүттөгү эки документ кабыл алынган. Соңку учурда Орусияда мигранттарга мамиле катаалдашып, “Крокус ситидеги” окуядан кийин абал ого бетер курчуганы белгилүү.
Дагы жүктөңүз