"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ноорузга арналган майрамдык дасторконго коюлчу башкы тамак - сүмөлөк өлкөнүн булуң-бурчунда кечээ кайнатылып, "эл аман, жерибиз берекелүү болсун" деген тилектер айтылды.
Бийик тоолуу, шарты катаал айылдын тургундары арыктагы сууну ичип, жайдын келишин самап жашашат.
Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.
Каракол шаардык прокуратурасы «Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы 221 гектар жерди 49 жылга ижарага мыйзамсыз берди» деген жүйө келтирип, «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы көз жумган, бирок анда коштошуу зыйнатына барууга ага уруксат берилген эмес.
1-март күнү Ысык-Көлгө балык уулоого чыгып, дайынсыз болуп жаткан Жети-Өгүздүн тургундары изделүүдө.
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселесинде жергиликтүү тургундар бир пикирге келише элек.
Кыргызстанда соңку жылдары той-ашка кеткен чыгымды азайтуу демилгелери көтөрүлө баштады. Бирок андан майнап чыгабы? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул маселени кеп кылабыз.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылы кышкы туризм, анын ичинен фрирайдга кызыккан туристтердин очогуна айланып баратат. Акыркы жылдары унутта калган бул айылдын эли азыр өз күчү менен конок үйлөрдү салып, туристтерди кызыктырып жатат.
Караколдо лыжа базасына агылган туристтердин саны арбын. Азыр эс алуучулар лыжа, сноуборд тебүү менен гана чектелбестен, кышкы спорттун башка да түрлөрүн үйрөнүп, чер жазып жатышат.
Каракол шаарында ар кандай себептер менен көчөдө калган адамдарды "Кызыл жарым ай" коому ачкан түнөктөн көрүүгө болот.
Каракол шаарындагы мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери бир эле учурда шаардык кеңешке депутат болуп отурушу кызыкчылыктарды кагылыштырып, ишке жолтоо болууда. Бул маселе Каракол шаардык кеңешинде көтөрүлүп жатат.
Ак-Суу районунун Жол-Колот айылы таза суу боюнча бир топ долбоорлорду жазып, көп жерге кайрылганы менен суу маселеси чечилбей келген. Акыры алар өздөрү каражат чогултуп, бул көйгөйдү өз күчү менен чече турган болду.
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт.
Ысык-Көлдө картошканын баасы чыкпай, дыйкандардын эмгеги күйүп жатат. Айрымдары үмүтүн үзүп, аштыгын текейден арзан баага берип жатса, башкалары дагы эле илгери үмүт менен тонналаган түшүмдү жазга сактап турушат. Өкмөт өкүлдөрү картошканын баасы тууралуу азырынча жарытылуу деле кеп кылган жери жок.
Дүйнөдөгү бардык православдар бүгүн Ыйык Чокунуу майрамын белгилеп жатышат. Таң эрте Каракол шаарында чиркөө кызматкерлери Кудайга сыйынып, каалоочуларды сууга түшүрүп, чокунтуу жөрөлгөсүн өткөрүштү. Караколдо христиандар шаардын ортосунан агып өткөн сууга жуунуп, андан соң идиштерине куюп алышты.
Ысык-Көлдө жергиликтүү социалдык коргоо кызматтарынын өкүлдөрү ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын абалын сурап жүрүшөт.
Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалланышы боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер кызматы тергөө тобун түзүп, иликтөө иштерин баштады.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет.
Православ көрүстөнүндөгү эстеликтердин талкаланышын Ысык-Көл райондук милициясы иликтей баштады.
Дагы жүктөңүз