"Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 61 жаштагы тургуну Назгүл Стамакунова малдын сөөгүн, темир тезек чогултуп сатып, жууркан-төшөк каптап оокат кылат. Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Назгүл Стамакунованын небереси менен эскилиги жеткен бир бөлмөлүү үйдө баш калкалап келатканына көп жыл болду.
Нарында 16-февраль күнү окуучулар арасында лыжа тебүү боюнча мелдеш өттү. Мелдеште жалпы беш команда күч сынашты. Адистер өлкө эгемендик алгандан бери спорттун бул түрүнө көңүл бурулбай, аны менен машыккандар дээрлик жокко эсе болуп калганын, соңку мезгилде ага кызыккандардын саны артып бара жатканы
Нарындын Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын 34 жаштагы тургуну Намазгүл Молдоалиеванын сегиз баласы бар. Ал былтыр район боюнча эң жаш баатыр эне наамын алган. Намазгүл дагы балалуу болсом деген тилеги бар экенин жашырбайт. Баатыр эненин бир күндүк турмушун кабарчыбыз көрүп келди.
6-февралда Нарын шаарында жергиликтүү тургун октон каза тапты. Бул окуя криминалдык топтордун өз ара эсептешүүсү катары бааланууда.
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын келини Айдай Адылбек кызы бир жыл мурун чакан кийим тигүүчү чех ачып, онго жакын келинди жумуш менен камсыз кылган.
2-февралда Нарындагы Жерге-Тал айылынын 300гө чукул тургуну облустук администрациянын алдында нааразылык жыйынга чогулду. Ага жайыт талаштын айынан айылдык кеңештин депутаты Алымбек Керимкановдун кармалышы түрткү берди.
Жаңы президенттен эл эмнени күтөт? Коомчулук кандай талаптарды коюп жатат? "Азаттык" Бишкектин жана аймак тургундарына микрофон сунуп, калктын ой пикирин, мүдөөсүн угуп көрдү.
Бул обьектинин дээрлик 90% аяктаган курулуш иштери токтоп калышына каржылоонун үзгүлтүгү себеп болгон.
Кочкорлук Талант Ташматов 2-топтогу майып экенине карабай, жараксыз темирге экинчи өмүр берген тубаса уста. Ал жасаган турдүү оюнчуктарга кызыккандар көп. Уста келечекте өзү баткыдай унаа жасоону кыялданып жүрөт.