"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Оштогу Кара-Суу базарынын жетекчиси менен соодагердин ортосундагы чыр чыгып, милиция териштирип жатканы белгилүү болду. Мунун алында соцтармактарда Кара-Суу базарында иштеген соодагерди базардын жетекчиси ур-токмокко алганы тууралуу видео тарап, анда бети-башы канжалаган адамды көрүүгө болот.
Ош облусунун Кара-Суу районунда кайненесин өлтүрүп, аялы оор абалда жаткан шектүүнүн окуясы Кыргызстандагы зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Үрөй учурган окуя 20-июнда болгон.
Оштогу “Келечек” базарында соода кылгандар шаарда жаңы салынган базарга көчүүгө каршы болууда. Миңден ашык соодагер иштеген базарда көбүн эсе кийим-кече сатылат. Шаар бийлиги өткөн жылдагы селден кийин борбордук базарды көчүрүүнү чечип, жаңысын кура баштаган.
Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн 50дөй тургуну калаадагы жолдорду кеңейтүү үчүн турак жайлары мыйзамсыз сүрдүрүлүп жатканын айтып, президентке кайрылды. Алар жеке менчиктин кол тийбестиги бузулуп жатат деп арызданышты. Ош мэриясы кенемте маселеси каралып жатканын билдирди.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Өзгөндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан келин милиция бул маселеге көңүл бурбай жатканына даттанууда. 37 жаштагы келин аны ур-токмокко алган күйөөсүнө өз убагында чара көрүлбөгөнүнө нааразы. Окуя коомчулукта талкууга түшкөн соң милиция билдирүү жасап, кылмыш иши козголгонун жарыялады.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда.
Күйөөсүнүн колунан мерт болгон Айзирек аттуу келиндин ишине байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламентте маалымат берди.
Ош облусунун аймагында 2000ден ашык ар түрдүү курулуштар, короо-сарайлар, турак-жайлар сүрдүрүлө турганы белгилүү болду. Облус бийлиги жолго жакын жайгашкан курулуштарды сүрүү талабын - президенттин жарлыгына ылайык аткарып жатканын билдирүүдө.
15-мартта Жалал-Абад шаарында тротуарда бараткан үй-бүлөнү сүзүп, качып кеткен айдоочу эки айга камака алынды. Жол кырсыгында төрт жашар кыздын өмүрү кыйылып, үч жаштагы наристе ооруканага түштү.
12-мартта Ош облусунун аймагында жер титирөөдөн 25 турак-жай, 12 мектеп жана бала бакча, айылдык эмкананын имараты зыян тартканы маалым болду. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынын түндүк-батыш тарабында катталып, күчү 5 баллга чейин жеткен.
Ноокат районунун тургуну Күмүшай Кыргызбаева айылдагы өзү курактуу апаларды ташыган жалгыз айдоочу. Айыл ичиндеги той-топурга, эл чогулган жерлерге барып-келип турсун деп балдары ага мотоунаа алып беришкен экен.
Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча келишиминин алкагында Достук айылынан көчүп жаткан элге мамилеси сынга кабылып, эскертүү алды. Ал эмоцияга алдырганын айтып, элден кечирим сурады.
Ош шаарында ондон ашык көчөдө миңге чукул ар кандай курулуштар алынганы белгилүү болду. Алардын арасында турак жайдан тарта, соода күркөлөрү, дүкөндөр, ашкана, кафелер бар. Калаа жетекчилиги кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып жатканын жүйө келтирет.
Кыргызстанда бир айда тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болду. Алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атоодо, үчөө курбуларынын зомбулугунан көз жумганы айтылды.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Ош шаарындагы мамлекетке алынган мейманканасы шаардык Билим берүү башкармалыгына өткөнү белгилүү болду. Аталган мекеме эки кабаттуу имаратка көчүп киргенине бир айдан ашты.
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевдин 17-февралда шаардагы жогорку окуу жайдын жетекчилерине жолугуп, окуу жайларга, студенттерге айткан сыны социалдык тармактарда кызуу талкууланды. Калаа башчысы айрым ректорлорду “коррупцияга” айыптаса, айрымдарын "шаарга көйгөй жаратуудасыңар" деп жемеледи.
Калаа башчысы айрым ректорлорду “коррупцияга” айыптаса, айрымдарын шаарга көйгөй жаратып жатасыңар деп тилдеген. Коомдогу курч талкуулардан кийин, 18-фералда калаа башчысы жогорку окуу жай жетекчилери менен кайрадан жолукту.
Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгине түшкөн мыйзамсыз курулуштардын баары алынып, дарыянын корукка кирген зонасы толук бошотула турганын жарыялады. Экс-мэр Мэлисбек Мырзакматовдун жеке менчиги делген 2,5 гектар жерди дагы мамлекеттин карамагына алуу тууралуу аракеттер башталганын шаардык бийлик билдирди.
Дагы жүктөңүз