2014-жылдын апрель айынан бери "Учур" ("Настоящее время") долбоорунун кабарчысы. Кыргызстандын коомдук каналдарында төрт жылдай иштеген. Кыргыз мигранттары тууралуу бир нече берүүнүн автору. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда жалпы 78 үй, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир балдар бакчасы, 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн, үч чек ара бекети жана Ички иштер министрлигинин бир имараты жабыр тарткан.
Толкун Рахматова – Бишкектин чет жакасындагы жалгыз фельдшер. Оорукчан күйөөсү жакында пневмония жугуп, каза болду. Аны дарылатуу үчүн үй-бүлөнүн тапкан акчасынын баары кеткен. Эми төрт балалуу жесир келин темир контейнерде күн кечирүүгө аргасыз.
Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулукка мажбурлаган иштин бети ачылды. Өспүрүм кыз аны күнүнө 20 чакты эркекке салып беришкенин, эки аптадай кордошконун айтып ыйлады. Бишкек шаардык милициясы Нурайымды сойкулукка мажбурлагандарга каршы кылмыш иши ачылганын билдирди.
Айдоочулардын, жөө жүргөндөрдүн көңүлүн көтөрүп, тазалыкка да көз салган ыктыярчы “жол инспектору” “эмне үчүн айдоочулар форманы көрсө гана тартип сактап калат?” деп суроо салат.
Бишкек шаарынын тургуну Лариса Байназарова майыптар үйүндө жашаган үч аялды үйүнө киргизип алган. Убактылуу болсо да майыптар интернатындагы кайталанма жашоодон алыстаган Варвара, Вера, Ирина аларга бир тууганындай кам көргөн Ларисанын үйүндө жашап жатышат.
Жеңишбек Касымовго догдурлар жарым жылдык өмүрү калганын айтышкан. Анын операциясына 45 миң доллар керек.
Ысык-Ата районунун кичинекей тургуну, шал оорулуу Нуржигит кайра эле тепши менен сейилге чыгып турат. Анын өзү жүргөн электромобили бузулуп калган, ал эми министр белек кылган арабаны өзү башкара албайт.
Токмок шаарында жер астындагы суулар өйдө көтөрүлүп, үйлөрдү, бакчаларды жана көчөлөрдү каптап жатат. Эки кабаттуу үйлөрдүн тургундары экинчи кабатта күн көрүп келсе, жер тамда жашагандардын барарга жери жок, убактылуу башкалканч издеп убара болушууда.
Эгер жаш дарыгер кесибин сүйсө, бирок пара алгысы келбесе кантип жашашы керек?
Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын жашоочулары ылай суу ичип, күн көрүшөт. Жаанчыл күндөрү сел менен кошо Кемпир-Абад суу сактагычына таштандылар, өлгөн малдын тарпы кошо агып келет.
Сириядагы жоочулардын катарында жүздөгөн кыргызстандыктар согушуп жүрөт.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияда сатылган ишканадагы үлүшү боюнча расмий кошумча маалымат берилди.
70 жаштагы пенсионер аксакал күндө үйүнүн жанындагы аялдаманын отургучун жууп, тазалайт. Асылбек аксакал өмүрүнүн теңин медицинага арнаган. Ал шаарды таза кармоо ар бир тургундун милдети деп эсептейт.
Орусиянын тергөө комитети Санкт-Петербургдун метросундагы кандуу калабаны Акбаржон Жалилов ишке ашырганын тастыктады. Анын Ош шаарындагы туугандары Мамлекеттик коопсуздук кызматына сурак беришти, алар терактты Жалилов ишке ашырганына ишенишпейт.
Бишкекте тийиштүү документсиз балдарга билим берип жүргөн, тазалык нормаларын сактабаган беш медресе аныкталды. Текшерүүлөргө карабастан мамлекет азырынча жүздөгөн балдар окуган андай мекемелерди жаап койо албайт.
Бишкектин бир бурчунда АКШ президентинин аты коюлган кафе бир нече жылдан бери иштеп келет. "Азаттыктын" кабарчысы Барак Обаманын кызматтан кетүүсүн утурлай, Бишкектеги "Обама Гриль" деп аталган кафеге барды. Обаманын кызматтан кетиши менен кафе Трамптын атын алабы, кандай өзгөрүүлөр болот деген сур
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чүй облусундагы авиакырсыкта мерт кеткендер саны 32ге жетти. Алардын 28и кыргызстандыктар. Көбү Дача айылында жашаган жайкын тургундар. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Дубайга барган 27 жаштагы келин сексуалдык кулчулукка кабылганы маалым болду.
Дагы жүктөңүз