Максат Кутманбеков "Азаттыктын" кабарчысы, Кыргыз-Орус Славян университетин 2018-жылы аяктаган.
Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында 27 жаштагы келиндин эки баласы менен кайнагасынын колунан ажал тапканы Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарып, талкууну күчөттү.
II Дүйнөлүк согуш миллиондогон кишилердин тагдырын өзгөрттү. Таластын тургуну маркум Кожоке Мамбеталиев төрт жыл фашисттердин туткунунда отуруп, андан качып чыгып, аман-эсен келген. Бирок мекенинде советтик системанын катаал жазасына кабылып, Сибирге айдалган.
Апрель айында Таласта сел жүрүп, элдин чарбактарын суу жууп кетти. Адатта сел коркунучу төмөн аймактагы селдин кесепеттери эсептелип, анын себептерине саресеп салынууда. Жергиликтүүлөр экологиялык нормалар аткарылбай, көзөмөлдүн жок болгону суу каптоого себеп болгонун айтышууда.
24 жыл мурда негизделген Талас мамлекеттик университети облустагы жогорку билим берген жалгыз окуу жайы. Анда 3,5 миңдей студент билим алат. Окуу жайдын жатаканасы жана спорт залы жок, жыйындар залындагы эмеректин эскилиги жеткен.
Кыргыз тайганы Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы ит тукуму катары белгилүү. Ал күлүк жана жытчыл болгондуктан, мурдатан эле аң уулоо үчүн колдонулуп келген. Соңку жылдары "Салбуурун" менен катар эле тайгандардын жарышына кызыгуу күчөп, атайын ушул максатта тайган таптагандар көбөйдү.
Талас шаарындагы социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн берилген батирлердин бузулуп жатканын жашоочулар айтып чыкты. Ал үйлөрдү мындан 1,5 жыл мурда "Ас-Сафа" коомдук уюму куруп берген. Учурда батирлердин дубалдары үбөлөнүп, айрым үйлөрдүн дааратканасы иштебей калган.
Кыргыз медицинасындагы кадр тартыштыгы, алыскы айыл жергесинде ак халатчандардын жоктугу ардагер дарыгерлерди эс алууга кетирбей иштөөгө аргасыз кылууда. “Азаттыктын” “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышында ардагер ак халатчандардын түмөн түйшүктүү ишин көрсөтөбүз.
2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолор учурундагы бийликтин огунан Таластын тургуну Күмүшай Бокотонова уулу да каза болгон. Андан бери Бокотонова жолдошу жана дагы бир уулунан ажырап, неберелери менен күн кечирүүдө.
14 жыл мурда ушул күнү Таласта башталган элдик толкундоо бир күндөн кийин Бишкекте уланып, ошол кездеги бийликтин кулашына алып келген. Анда президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге ок атылып 90го жакын киши набыт болуп, миңден ашууну жараат алган.
Таластык дыйкандар төө буурчак мурдагыдай мол түшүм бербей калганын айтууда. Адистердин айтымында, бул жагдай бир катар себептерге байланыштуу. Европанын базарларына чейин жеткен кыргыз төө буурчагынын келечеги кандай болот?
Кыргызстанда Фейсбукка пикир жазганы үчүн айыпка жыгылып же абакка кесилген окуялар уланууда. Узап бараткан жумада оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн Нурбек Кайназаровду Жалал-Абад шаардык соту үч жылга абакка кескени маалым болду.
Кыргызстанда акыркы жылдары сугат суусу таңсык болууда. Өткөн жылы Таластагы Киров суу сактагычында суу кескин азайып, Манас району менен Казакстандын Жамбыл облусунун айрым райондоруна сугат суу жетпей калган.
Быйыл эки айда төрт аял төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Жыл башында 21 жаштагы келин төрөт үйүндө жыгылып, дарыгерлер курсактагы ымыркайды дагы, энени дагы сактап кала алган эмес. Көп өтпөй эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин көз жаргандан төрт күндөн кийин ооруканада каза болду.
Талас районунун Атай Огомбаев айылдык аймагына караган Эркесары айылында 200дөй адам жашайт. Бул аймакта толук эмес билим берген мектеби жана мечиттен башка социалдык имараттары жок. 4-класстан жогорку курактагылар үч чакырым алыстыктагы коңшу айылга барып окушат.
Талас облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги сезилүүдө. Облус бийлигинин маалыматында, ушу тапта аймакта 130дан ашуун адис жетишпейт. Мындан улам облустагы айрым айылдарда жашы 80ден өтсө да иштеп жаткан догдурлар бар.
Талас облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги жылдан-жылга сезилүүдө. Облус бийлигинин маалыматы боюнча, ушу тапта аймакта 130дан ашык дарыгер жетишпейт. Бул маселени чечүү үчүн облустагы айрым айылдарда 80ден жашы өтсө да иштеп жаткан дарыгерлер бар.
Өткөн жылы жемкорлукка шек саналып кармалган Таластын мурдагы жетекчилеринин кылмыш иши кыскарганы белгилүү болду.
Дагы жүктөңүз