"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, 2013-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры жакын арада Георгий Хугаевдин «Кара чапан» спектаклин коюуга кам көрүп жатышат. Маданий жайдын өз имараты болбогондуктан чыгармачыл жамаат Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр таетрынын бир бөлмөсүндө гана иштеп келишет.
16-мартта Чүй облусттук ооруканасында мурдагы саясатчылар, өнөрпоздор, дарыгерлерден турган топ хирург-академик Эрнист Акрамовдун кадыр-баркын коргоо боюнча атайын штаб түзүштү.
Физика-математика илимдеринин доктору, белгилүү окумуштуу Аманбек Жайнаковду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 10-мартта Улуттук илимдер академиясында өттү. 350дөн ашуун эмгектердин автору болгон академик менен коштошуу зыйнатына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маркумдун жакындары катышты.
Биринчи май райондук соту “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевди эки айга камакка алды. Телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турат.
Украинадагы окуялардан кийин валюта рыногундагы абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров элди алтын куймаларын сатып алууга чакырган, андан бери алтын алууну каалагандар көбөйдү. Улуттук банкта эки - үч сааттап кезек күткөндөр бар.
Бишкекте америкалык сүрөтчү Рафаэль Варгас-Суарестин көргөзмөсү ачылды. Варгас-Суарестин чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү адаттан тыш, абстрактуу көркөм сүрөттөрдү жараткандыгында.
Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков Бишкекте ооруканада дарыланууда. Акыйкатчы институту кыргызстандык жарандардын Казакстанда полициядан кыйноого кабылганына байланыштуу БУУга кайрылмакчы.
Кыргызстанда азык-түлүктүн, бензиндин баасы күн санап өсүп жатат. Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 70%га кымбаттаган. Ал эми суу май менен кумшекердин баасы 19 пайыздан 21 пайызга чейин жогорулаган.
Беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылды. Музей жетекчилигинин айтымында маданий мекеме дээрлик 70 пайыз жаңыланып, жаңы экспонаттар жана заманбап мультимедиялык жабдуулар менен толукталды.
Өзбекстандык “Электрооко” синти-поп тобу евразиялык музыкалык турунун алкагында Бишкекте концертин коюп кетти. Постмодерндик лирикалары, жандуу скрипка, гитара жана электрониканын айкалышы менен таанылган альтернативдүү топтун музыканттары “Азаттыктын” студиясына келип дымактуу ойлору менен бөлүштү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы айылда эксперименталдык гимназия мектебин түптөп, аны мыкты билимканалардын катарына кошо алган педагог Гапыр Мадаминов "Энелер мектеби" туурасында "Азаттыкка" айтып берди.
Кыргызстанда билим алып жаткан пакистандык студенттердин жашоосу кандай? Кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Кыргыз коомунан, мамлекеттен эмне күтүшөт?
Айсулуу Борбуева тигип жаткан эко-жаздыкчаларды синтетикалык буюмдарга аллергиясы барлар, заарасын кармай албагандар, гинекологиялык жактан дарылануудан өтүп жаткандар, төрөтү оор болгондор, операциядан чыккан аялдар жакшы алууда.
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы мом фигураларынын (восковые фигуры) музейи жылына үч ай гана иштейт. Ал туристтик сезон маалында чет элдиктерди кызыктырган өзгөчө жайлардын бири. Көгүлтүр көл жээгинде жайгашкан бул музейде дүйнөлүк лидерлердин жана жылдыздардын момдон жасалган айкелдери бар.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү саясатчы, акын Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жаш акындар арасында уюштурган "Жаш толкун" поэзия сынагы уланууда.
Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө эс алуусу Ысык-Көлдү сел каптап турган учурга дал келди. Мындан сырткары аз күн мурда Бостериде эс алуу жайлардын биринде бир адамды суу түтүгү соруп кеткен.
Кыргызстандын тергөө абактарында кылмышка шектелип 1200 ашуун адам кармалып турат. Алардын ичинде 4-5 жылдап отурган адамдар бар.
Бүгүн - 23-апрелде - "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы жердин Өзбекстанга берилишине каршылар мөөнөтсүз акциясын улантышты. Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 26-марттагы маалымат жыйынында 50 гектар боюнча айтканы себеп болгон.
2020-жыл өзгөчө жыл болду. Дүйнөнү COVID-19 пандемиясы каптап, миллиондогон адамдын өмүрүн алды. Мындай апаат Кыргызстанды да айланып өткөн жок. 2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашып, саясий окуялар да көп болду. "Азаттык" 2020-жылдын урунттуу окуяларын сунуштайт.
"Биримдик" партиясынын талапкери Марат Аманкуловдун Орусиянын делегациясы менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Ал эми талапкер Аманкулов Интернетке тараган видеодо сөзү бурмаланып калганын, ал чагым болуп саналарын билдирди.
Дагы жүктөңүз