"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жапония Орусия президенти Владимир Путиндин тынчтык келишимди жылдын аягына чейин “эч шартсыз” түзүү сунушун четке какты. Орус президентинин өткөн аптада Владивостоктогу экономикалык форумда жасаган билдирүүсү расмий Токио үчүн күтүүсүз болгон эле.
Кошмо Штаттар Орусияны Улуттар Уюмунун Түндүк Корея боюнча көз карандысыз баяндамасына өзгөртүү киргизгени үчүн айыптады.
Ушул аптада дүйнөдөгү ири каржылык кризистин башаты болгон окуяга туура он жыл толду. 2008-жылы Кошмо Штаттардан тутанган каржылык кризис эмнеден улам чыккан жана андан кандай сабактар алынган? Азыр жаңы каржылык кризистин карааны тууралуу эскертүүлөргө кандай негиздер бар?
Кошмо Штаттар Эл аралык Кылмыш сотуна каршы санкция колдонушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жасады. Эл аралык кылмыш соту болсо буга жооп кылып, өз ишин өзгөрүүсүз уланта берерин белгиледи. АКШ аталган сотту түзүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялаган эмес.
Түркия бийлиги “Маариф” фондун качан жана кандай максатта түзгөн?
Улуттар Уюмунда Коопсуздук кеңеши Сириянын Идлиб провинциясынын айланасындагы кырдаалды жума күнү талкуулай турган болду.
Сирияда өкмөттүк күчтөр Идлиб провинциясында ири операция жүргүзүүгө даярданып жатканын расмий Дамаск моюнга алды. Бириккен Улуттар Уюму эл жыш жайгашкан аймакта жүргүзүлүүчү аскердик аракеттердин олуттуу гуманитардык кесепеттери болорун эскертип жатат. Батыш өлкөлөрү болсо президент Башар Асаддын бийлиги бул операцияда да химиялык курал колдонушу мүмкүн экенин эске салууда.
Түркмөнстанда Арал деңизинин көйгөйүн чечүүгө арналган жыйын өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери катышты.
АКШ менен Кытайдын соода тиреши күчөдү. Ушул бейшембиден тартып эки тарап тең бири-биринин дагы 16 миллиард доллардык товарларына кошумча бажы салыгын киргизишти. Жалпысынан дүйнөнүн эң ири эки экономикасы быйыл июль айынын башынан тартып кошумча тариф койгон өндүрүмдүн акчалай наркы 100 миллиард долларга жетип калды. "Соода согушу эми глобалдык экономикалык өсүшкө терс таасир этеби?" деп кооптонгондор да бар.
Быйыл күздө АКШ Конгресси шайланганы жатканда "Microsoft" компаниясы Орусиянын америкалык саясий топторго каршы багытталган жаңы хакерлик аракеттерин аныктаганын жарыялады. Кремль расмий Москванын мындай аракеттерге тиешеси бар экенин дароо четке какты. Кошмо Штаттарда 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсүнүн чуусу али басыла элек. АКШ Сенаты болсо учурда Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун караштырууда.
Түркия Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) АКШга каршы даттанды. Расмий Анкара бул кадамы аркылуу Вашингтон Түркиянын болот жана алюминий өндүрүмүнө кошумча бажы салыгын киргизгенине нааразылык билдирүүдө. АКШ НАТО боюнча өз өнөктөшүнө каршы экономикалык санкция киргизип жаткан кезде Түркиянын улуттук валютасы лиранын дагы бир сыйра куну кетти.
Ооганстандын Кундуз провинциясында, расмий өкүлдөр кабарлагандай, "Талибандын" барымтасынан жүз элүүдөй киши бошотулду. Окуя ооган президенти Ашраф Гани Курман айтты утурлай "Талибанга" атышууну токтотууну кайрадан сунуш кылган кезде болду. АКШ Кабулдагы бийликтин демилгесин кубаттады. Бирок атышуу ал сунушка "Талибан" көнсө гана токтойт.
Кыргызстанда издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош ишкердин сүрөтүн Беларустун интернет басылмалары жарыялады.
АКШ менен Орусиянын президенттеринин кийинки саммити 2019-жылга калды.
Орусия Сирияда Иранга баш ийген күчтөрдү анын чек арасынан 100 чакырымдай алыс кармоону сунуш кылды. Бирок Израилдин кабатырлыгын азайтууну көздөгөн Москванын бул сунушу четке кагылганы кабарланууда. Бул маселе акыркы жумаларда Орусия менен Израилдин эле эмес, Орусия менен АКШнын да ортосунда сүйлөшүлгөн эле. Иран Сирияда аскердик жактан орун-очок алышына Израил менен АКШ караманча каршы чыгып келатат. Ал арада Сириянын өзүндө президент Башар Асаддын күчтөрү өлкөнүн Израил менен чектеш аймактарын козголоңчулардан бошотууга аракет кылышууда.
Пакистанда бүгүн шайлоо алдындагы жымжырттык күнү. Эртең, 25-июлда, өлкөдө кезектеги парламенттик шайлоо өтүшү керек. Анын натыйжасында Пакистандын эгемен тарыхында бийлик бир өкмөттөн экинчисине демократиялык жол менен экинчи ирет гана өтүшү күтүлүүдө. Ошондой эле азыркы шайлоонун натыйжасында өкмөттү башкаруу укугу буга чейин бийликте болбогон саясий партия менен саясатчыга да тийиши мүмкүн.
АКШ менен Ирандын президенттери акыркы бир күндө бири-бирине эскертүү беришти.
Ооганстандын борбору Кабулда, эл аралык аба майданындагы жардыруудан кеминде он төрт кишинин өмүрү кыйылды. Ал үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды. Кандуу окуя Ооганстандын вице-президенти, улуту өзбек колбашчы Абдул Рашид Достум Түркияда бир жылдан көбүрөөк бозгунда жүрүп, Кабулга кайтып келген учурда болду.
Кыргызстандагы соңку саясий окуялар, коррупцияга каршы күрөш, мурдагы жогорку даражалуу чиновниктердин камалышы тууралуу коңшу өлкөлөрдөгү байкоочулар эмне дешет? Тажикстандык саясат талдоочу Абдумалик Кодиров “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Орусияда бул аптада акыркы падыша Николай II жана анын үй-бүлөсү атып өлтүрүлгөнүнүн жүз жылдыгы белгиленди.
Дагы жүктөңүз