НТСтин талашы медиага басымбы?
Кыргызстандагы мамлекеттик эмес НТС каналынын айланасында талаш чыкты. 19-декабрда телеканалдын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышты. Буга негиз катары Бишкектин райондор аралык сотунун аныктамасы айтылууда. Оппозициячыл "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Өмүрбек Бабановго таандык делген каналга карата мындай чабуулду айрымдар сөз эркиндигине, маалымат каражаттарына карата басым катары санаса, айрымдар катардагы мүлк талаш катары санап жатышат. “Эксперттер талдайт” берүүбүздүн алкагында ушул суроолорго жооп издейбиз. Берүүбүзгө Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев жана НТС каналынын редактору Миржан Балыбаев катышты.
Чыгарылыштар
-
Июль 03, 2025
Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?
-
Июнь 25, 2025
Депутаттар демилгени колдон чыгардыбы?
-
Апрель 12, 2025
“Снос”: Мыйзам талабы жана менчик укугу
-
Март 13, 2025
Чек аранын чечилгени чөлкөмгө кандай таасир этет?
-
Февраль 27, 2025
Шайлоо мыйзамы: Партиялардын доору бүттүбү?
-
Февраль 05, 2025
Жапаровдун Бээжин сапары, Мишустиндин талаштуу билдирүүсү