Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Зеленский АКШдан алынчу аскердик жардам боюнча "бардык жагдайлар такталып жатканын" билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен АКШ аскердик жардам боюнча бардык жагдайларды тактап жатышканын билдирди.

“Украинанын Коргоо жана Тышкы иштер министрликтери ушул жана АКШ менен кызматташуу маселеси боюнча докладдарды беришти. Учурда коргонуу, анын ичинде абадан коргонуу системаларын берүү боюнча бардык аспектилер каралып, жумуш жүрүүдө. Кандай болгон күндө да биз элибизге аларды коргоо кепилдигин беришибиз керек”, - деди Зеленский видеокайрылуусунда.

Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги АКШнын аскердик жардамын азайтары жөнүндө билдирүүсү чыккандан кийин Киев телефондон сүйлөшүүнү сунуштаганын билдирди. Мекеме Киев “макулдашылган коргонуу жардамынын негизинде курал-жарак берүүнү токтотуу же мөөнөтүн жылдыруу боюнча” расмий билдирүү албаганын кошумчалаган.

Мындан тышкары Украинанын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Киевдеги убактылуу иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жон Хинкелди министрликке чакырды. Жолугушууда негизинен Орусиянын аскердик агрессиясы уланып жаткан шартта Вашингтондун аскердик жардамы талкууланган.

Америкалык басылмалар булактарына таянып жазгандай, АКШ Украинага деген бир катар курал-жарагын, анын ичинде Patriot абадан коргонуу системасы үчүн ондогон ракеталарды берүүдөн карманып турат. Мындай чечимге өзүнүн аскердик запасынын азайышы боюнча тынчсыздануусу себеп болгон.

Украинанын Аба күчтөрүнүн байланыш бөлүмүнүн башчысы Юрий Игнат “Донбасс Реалии” радиосунун шаршембидеги эфиринде билдиргендей, украин армиясында ар кайсы өлкөдөн келген түрдүү абадан коргонуу системалары бар. “Булар Германияныкы, Британияныкы жана албетте, АКШныкы. Америкалык курал-жарактар кыйла көп. Мен кандайдыр бир кооптуулук жөнүндө айткым келбейт”, - деди Игнат.

Ал Украина соңку айларда согуш башталгандан берки Орусиянын жапырт соккуларына туруштук берүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG