Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Зеленский Трамп менен "маанилүү" сүйлөшүүдө абадан коргонуу системасы талкууланганын айтты


АКШнын лидери Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский
АКШнын лидери Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-июлда АКШнын лидери Дональд Трамп менен телефондон "өтө маанилүү жана пайдалуу сүйлөшүү" болгонун айтты. Андан бир нече саат мурун Киев согуш башталгандан берки орус армиясынын эң катуу жапырт чабуулуна кабылган.

Эки президенттин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу расмий айтыла элек болсо дагы Зеленский Трамп менен абадан коргонуу системасы - АКШнын аскердик жардамы, анын ичинде Patriot2 ракеталары тууралуу сөз болгонун жазды.

"Биз абадан коргонуу багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү жана аны күчөтүү тууралуу макулдаштык", - деп Зеленский Telegram каналына жазды. "Ошондой эле алдыдагы иштерди координациялоо үчүн биздин командалардын жолугушуусу тууралуу сүйлөштүк".

Зеленский америкалыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Украина адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн АКШнын аракеттерин колдоорун айтты.

Эки лидердин сүйлөшүүсү 40 мүнөткө созулганын Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равид өз булактарына таянып жазды.

Трамп 3-июлдагы Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн "эч кандай жылыш болгон жок" деп сыпаттап, орус лидеринин "согушту токтотууга кызыкчылыгы жоктугун" айтты.

Орус медиасы бул сүйлөшүүдө Трамп Украинадагы согушту тез арада токтотуу маселесин көтөргөнүн, Путин Кремл бул согушка "негиз берди" деп эсептеген маселелерди кайталаганын жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG