Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганын 3-июлда “Биринчи радионун” эфиринде айтты.
“Кечээ жакында биз титаномагнетит өндүрүшүн пилоттук режимде баштадык. Бизде 20 миллион тоннадай титаномагнетит бар деп болжолдуу айтып жатышат”, - деди Төрөбаев.
15-майда Төрөбаев Ысык-Көл облусунда жайгашкан Кызыл-Омпол кенине барып, даярдык иштери менен таанышкан.
Былтыр ноябрда ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кызыл-Омполду иштетүүгө мамлекет каражат тапканын айткан.
Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталганы айтылат. Геологдор Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени бардыгын белгилешет.
Президент Жапаровдун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.
2019-жылы жазында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Жогорку Кеңештеги оппозициялык депутаттар, жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.
Ушундан улам өкмөт кенди казууга камынган “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон.