"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ак-Суу районунун Пионер айылынын эли тоодон агып келген бир кулак суудан ичет. Арык тазаланбагандыктан айылда боор илдетине чалдыккандар бар. Район жетекчилиги пионерликтер таза сууну 2020-жылы толук ичип калат деп убада берүүдө. Таза сууга жетпеген элетти жол маселеси да кыйнап келет.
27-майда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургундары кайрадан «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайындагы абалды оңдоону кайрадан райондук бийликтен талап кылышты.
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
18-майда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Ысык-Көл 2019» эл аралык туристтик жарманкеси өтүп, жайкы эс алуу сезону расмий түрдө ачылды.
Ушул эле күнү Мусакеевдин тарапкерлери Тоң районунун Бөкөнбаев айылында нааразылык акциясын уюштуруп, аны каралоону токтотууну бийликтен талап кылышты.
Мамлекеттик айыптоочу Атамбаевдин жансакчысын беш жылга түрмөгө кесүүнү суранды.
13-май күнү Ак-Суу районунун 30 чакты тургуну аймактагы «Ак-Суу-Кенч» эс алуу жайын жабууну талап кылып чыкты. Алар эс алуу жайындагы бассейндин суусу Ак-Суу дайрасына куюп жатканына нааразы.
"Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын жети дубанда өттү.
73 жыл мурда 9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган.
1941-жылы Ленинградды (азыркы Санкт-Петербург) фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да жеткирилген.
1941-жылы Ленинград шаарын фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да алып келинген.
Каракол шаарынын тургундары 2-майда “Ысык-Көл уранга каршы!” аттуу митинг өткөрүшүп, уран кендерин иштетүүнү токтотуу талабы жазылган резолюция кабыл алышты.
Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынч митинг өттү.
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү. Анын мүчөлөрү 20-апрель күнү жерине барып таанышуу иштерин жүргүзүп жатканда кенди иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар менен кайым айтышуу болду.
Тоң районунун Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштери боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын суу жетпеген көчөлөрү ушул убакка чейин акча төлөп, автоунаа жалдап, суу ташып ичип жатышат. Ортодон таза суу чыгарабыз деп түтүк тартып барышкан, бирок анысы иштебей калган. Ушул күнгө чейин суу жетпеген көчөлөр, таза суу чыгып калса деген үмүт менен отурушат. Ал
Жети-Өгүз районунун Тамга айылында уйлардан кутурма чыгып, төрт баш уй ылаңдап өлдү. Учурда айылга эки айга карантин жарыяланды. Райондук ветеринария, фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын маалыматында ылаң чыккан жерге жакын жердеги бодо мал жана айылдагы иттер эмдөөдөн өткөн.
Каракол шаарынын тургуну Людмила Пиотровская кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ыр жазат. Анын төрт ырлар жыйнагы жарык көргөн. Автор чыгармаларын мекенине, Ысык-Көлгө, кыргыз тилине, жоро-жолдошторуна арнап жазган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылынын тургуну, фермер Марат Жусупов Орусиядан сүт жана эт багытындагы асыл тукум уйларды алып келип, багып жаткан чагы. Сандан сапатка деген фермердин иш-аракети менен кабарчыбыз таанышып келди.
3-апрелде Каракол шаарында 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын катышуучусу, Апрель ыңкылабынын баатыры Абдраим Касымовду эскерүү иш-чарасы өттү. Шаардагы ал окуган мектепте музей бурчу ачылып, бюсту орнотулду. Абдраим Касымов былтыр каза болгон.
Дагы жүктөңүз