3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист Канышай Мамыркулованы алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен абактан чыгарды. CPJ уюму президент Жапаровду ЖМК тууралуу "кооптуу" мыйзамды артка кайтарууга үндөдү. Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапарынан кийин ЭКУнун саммитине катышуу үчүн Азербайжандын Ханкенди шаарына барды. Орусия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу дагы күчөдү.
Борбор Азия
Орусия каржылаган “Спутник-Азербайжан” жаңылыктар агенттигинин Бакудагы кеңсесинде жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында эки адам кармалды. Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоо көлүндө суу көбөйүп, аймактан 800гө жакын адам эвакуация болуп, эл үйлөрүнө кайра кайта баштады.